Еревандагы демонстрацияга он миңдеген адам катышып, алар президенттикке талапкер Степан Демирчиянга колдоо көргөзүштү. Армениянын Элдик партиясынын лидери Демирчиян өз жактоочулары алдында сүйлөгөн сөзүндө келерки аптадагы шайлоодо президент Роберт Кочерянды утуп чыгаарын белгиледи.43 жаштагы Степан Демирчиян - Арменияны совет доорунда башкарган Карен Демирчияндын уулу. Атасы 1999-жылы Армения парламентине куралдуу кол салуу жасалганда курман болгон.Добуш берүү алдыдагы шаршемби күнү өткөрүлөт.Оппозициячыл талапкерлер президент Роберт Кочерянды шайлоодо добуштарды бурмалоону көздөп жатат деп айыптоодо.
Арменияда президентикке көргөзүлгөн оппозициячыл талапкердин жактоочулары демонстрацияга чыкты