Сидней шаарындагы демонстрацияга 200 миңден ашуун адам катышып,алар Австралиянын өкмөтү АКШнын Ирак боюнча турумун кызуу колдогонуна нааразылык билдиришти.Демонстранттардын бири кабарчыларга "Сиднейдеги жүрүш Австралия элинин көз карашы башкача экенин көргөздү.Алардын басымдуу бөлүгү Австралия АКШнын Иракка бир тараптуу кол салуусуна кошулушуна ачык каршы",-деп айтты.
Бирок,Австралиянын премьер- министри Жон Хоуварддын айтымында , демонстрациялар өлкөдөгү жалпы коомдук маанайды билдирбейт.Ишемби күнү Ирактагы ыктымал согушка каршы дүйнөнүн ири жана чакан шаарларында алты жүздөй демонстранция өтүп, көчөгө миллиондогон адамдар чыккан.Ирактын мамлекеттик маалымат каражаттары дүйнө өлкөлөрүндөгү демонстрацияларды Багдаддын
" жеңиши" ,Вашингтондун "түбөлүккө жеңилиши " катары баалады.