Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Сасык тумоого байланыштуу Жалалабадда окуу токтотулууда


ЖАЛАЛАБАД. 17-февралда облустук борбордун 7 мектебинде окуу болгон жок. Анткени шаардык санитардык-эпидемиологиялык станциянын аныктамасы боюнча балдардын сабакка келүүсү бул мектептерде 21-36 % түзгөн. Облустук санитардык-эпидемиологиялык борбордун маалыматына караганда, сасык тумоонун «А» тибине облуста 336 адам чалдыккан. «ОРЗ» диагнозу, же грипптин жеңил түрү менен ооругандардан дубанда 4719 адам катталган. Тумоого байланыштуу учурда Алабука району менен Каракөл жана Жалалабад шаарларында 19 мектеп жабык турат.

XS
SM
MD
LG