Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Орловкадагы химиялык заводдон уурдалган европий дагы эле табыла элек


БИШКЕК. Чүй облусунун аймагындагы Орловка химия заводунан 7-январь күнү уурдалган 460 килограмм европий эч кандай бомба жасоого колдонулбайт. Бул тууралуу 17-февралда «Азаттык» радиосуна Улуттук коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармасынын башчысы Болот Абдрахманов билдирди. Анын маалыматына караганда, ушул жылдын 27-январында Орусиянын «Аргументы и факты» гезити «уурдалган зат бомба жасоого колдонулат жана ал ошол максатта уурдалган болуш керек» деп жазып чыккандан кийин Улуттук коопсуздук кызматы Улуттук илимдер академиясынын физика институтунун директору Токтосун Орозобаковго кайрылып, «европий бомба жасоого колдонулбайт» деген расмий тыянак алган. Ал эми европийди ким уурдагандыгы дагы эле дайын боло элек.

XS
SM
MD
LG