БИШКЕК. 17-февралда Кыргызстанга Москва өкмөтүнүн делегациясы келди. Ал Кыргызстан менен Москванын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык жана маданий кызматташуу боюнча макулдашуунун аткарылышын иликтеген өкмөт аралык комиссиянын 18-февралда Бишкекте өтө турган жыйынынына катышат. Москва мэринин орун басары, өкмөт аралык комиссиянын Москва тарабынын төрагасы Анатолий Петров жетектеген делегация менен 17-февралда премьер-министр Николай Танаев жолугушту. Москванын делегациясы Кыргызстанга 600 килограмм медициналык дары-дармектерди жана бир компьютердик классты белек кылып ала келди. Москвалык делегация бул компьютердик классты Токмок шаарындагы № 1 мектеп-гимназияга, дары-дармектерди Улуу Ата Мекендик согуштун Москваны коргогон ардагерлерине тартуулады. Кыргызстан менен Москванын өкмөттөрүнүн ортосундагы аталган макулдашуу 2000-жылы түзүлгөн.