Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Мыйзам чыгаруу жыйыны билим берүү тууралуу жаңы мыйзамды кабыл алды


БИШКЕК. Үч күндүк талкуудан кийин 17-мартта Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Билим берүү» тууралуу мыйзамды кабыл алышты. Жыйындын билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин башчысы Жангороз Каниметовдун айтымында, бул мыйзам жогорку окуу жайларга мамлекеттин көзөмөлүн күчөтөт жана бардык тараптардын укуктарын так аныктайт. Жаңы мыйзамга ылайык 1-ден 9-класска чейин окуу милдеттүү жана бекер болуп, андан ары окуучу 10-11 класстан акысыз билим алууну улантат, же атайын окуу жайларында окуйт. Мугалимдерди социалдык жактан коргоо маселеси да мыйзамда каралган, бирок ал 2004-жылдан тарта ишке киришет. «Бул 2003-жылга бюджеттин кабыл алынып калгандыгына байланыштуу», деди Каниметов.

XS
SM
MD
LG