Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

№ 35 «Ош-3000» шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатын шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү


ОШ. 16-февралда № 35 «Ош-3000» шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутатын шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлдү. 17-февраль күнү № 35 «Ош-3000» округдук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, шайлоонун экинчи айлампасына Транспорт жана коммуникация министрлигинин бөлүм башчысы Мамасадык Бакиров менен Ош мамлекеттик университетинин проректору Мухтар Орозбековдун талапкерлиги коюлган. Бул жолку шайлоого жалпы тизмедеги шайлоочулардын 63,8%, тактап айтканда 39018 адам катышты. Алардын ичинен Мамасадык Бакиров үчүн 16106 адам, Мухтар Орозбеков үчүн 18202 адам добуш берген. Ошентип, алгачкы маалыматка караганда, Мухтар Орозбеков шайлоодо жеңишке жетишти.

XS
SM
MD
LG