Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:44

Европарламенттин өкүлдөрү Кыргызстандын расмий бийлигинин маалыматын укту


БИШКЕК. 17-февралда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов маалымат жыйынын өткөрүп, анда Европарламенттин 12-февралда Страсбург шаарында өткөн жыйыны тууралуу кабарлады. Анын билдирүүсүнө караганда, жыйын Европарламенттин комитетинин деңгээлинде болуп, анын күн тартибине эки маселе - Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу маселеси коюлду. Бул маселелер боюнча мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Кыргызстандын ЕККУдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жана оппозициянын өкүлдөрү Азимбек Бекназаров, Рамазан Дырылдаев, Гияз Токомбаев маалымат беришти. «Кыргызстандагы конституциялык реформа, андагы жаңылыктар жана учурдагы саясий кырдаал тууралуу расмий бийлик өкүлдөрү берген маалыматтар Европарламенттин өкүлдөрүн катуу ынандырды. Анткени биз бардык маалыматты так, далилдүү фактылардын негизинде баяндадык. Ал эми оппозиция өкүлдөрү адатынча куру жалааларды жапты», - деп билдирди Курманбек Осмонов. Өткөн аптада Р. Дырылдаев Европарламент Кыргыз өкмөтүнө карата мамилесин апрель-май айларында өтчү кезектеги жыйында билдириши мүмкүн деп айткан.

XS
SM
MD
LG