Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Кипрдин түрк бөлүгүнүн лидери аралдын грек тарабынын жаңы шайланган президентин сынга алды


Аралдын грек бөлүгүндө өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Тассос Пападопулос бүткүл Кипрдин президенти болорун убада кылган эле. Буга байланыштуу Кипрдин түрк бөлүгүнүн лидери Рауф Денкташ "Т. Пападопулос мырза бүткүл Кипрдин президенти болорун жарыялады. Мен бул үчүн аны куттуктай албайм. Түндүк Кипр Түрк республикасы бар экенин эске алганда, өзүн бүткүл Кипрдин президентимин деп жарыялаган адамды куттуктоо мүмкүн эмес. Бирок, албетте, биз аны Кипрдин грек бөлүгүнүн жаңы лидери катары куттуктайбыз", - деп айтты.
Тассос Пападопулос кечээги шайлоодо добуштардын 52%на ээ болуп, Кипрдин грек бөлүгүнүн азыркы президенти Главкос Клеридести утуп алды. Ушул айдын аягында Кипрге БУУнун баш катчысы Кофи Аннан келээри күтүлүүдө. Аннан эки бөлүнгөн Кипр келерки жылы Европа Биримдигине чогуу кириши үчүн аралды бириктирүү планын сунуш кылган. Рауф Денкташ белгилегендей, БУУнун планына ылайык Кипр иш жүзүндө грекиялык аралга айланат.

XS
SM
MD
LG