Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:07

Брюсселде Европа Биримдигинин Ирак боюнча саммити өтүүдө


Саммит Европа Биримдигинин Ирак маселеси боюнча окшош позициясын иштеп чыгуу максатында уюмдун учурдагы төрагасы Греция тарабынан чакыртылды. Саммит башталар алдында Франциянын президенти Жак Ширактын билдиргенине караганда, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракты куралсыздандыруу үчүн күч колдонууга мүмкүндүк берген жаңы резолюция кабыл алышынын зарылдыгы жок. БУУнун Коопсуздук Кеңеши жаңы резолюция кабыл алышын АКШ менен Британия көздөөдө. Саммитти утурлай Брюсселде Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болгон эле. Британ тышкы иштер министри Жек Стронун айтымында, Иракты куралсыздандыруунун дипломатиялык аракеттерин аскер күчү менен бекемдөө абзел. Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдөн Германия, Бельгия, Франция Иракта аскерий операция жүргүзүлүшүнө макул эмес, Британия, Италия, Испания, Дания АКШнын Иракты күч менен куралсыздандыруу демилгесин колдоодо.

XS
SM
MD
LG