Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Ири чарбалардан жылына жалпы жонунан 250 млн. сом салык алынат


БИШКЕК. «Кыргызстандагы айыл чарба продукциясын өндүрүүчү ичи чарбалардын товарларына кошумча нарк салыгы - өнөр жайы менен айыл чарбасындагы салыктардын айырмасын азайтуу, Эл аралык Валюта Фондунун талабын аткаруу, бюджетке кошумча киреше түшүрүү жана экспортту өстүрүү максатында киргизилүүдө. Ал эми кабелтең чарбалардын буга каршы турушу - алардын салык жүгүн майда чарбаларга оодара салуу аракети». Каржы министринин орун басары Мурат Исмаилов шейшемби күнү өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, Каржы министрлиги бул салыкты киргизүү менен ири айыл чарба субьектилеринен 250 млн. сомго чейин салык жыйноону көздөп жатат. Мамлекеттик статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда айыл чарба продукциясын өндүрүүчү 156 ири субъект бар. Кошумча нарк салыгы жылдык акча жүгүртүүсү 300 миң сомдон ашкан чарбаларга киргизилмекчи. Ири чарбалар болсо өз кезегинде кошумча наркка салыктын киргизилишине каршы чыгып, «бул ири чарбалардын бытырашына алып келет», деп билдиришүүдө.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Айданбек Акмат уулу жана Бүбүкан Досалиева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG