БИШКЕК. Мындан ары Кыргызстанга дүйнөнүн өнүккөн 28 өлкөсүнөн келген жарандар Ички иштер министрлигинин каттоосунан өтүүгө тийиш. Ага негиз берген токтомду Ички иштер министрлиги өткөн жылдын аягында кабыл алган. Мындай маалымат 18-февралда Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынан келип түштү. Ал маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги өткөн жылдын башында чет элдик инвестицияларды тартуудагы бөгөттөрдү жоюу максатында өнүккөн 28 өлкөнүн жарандарынын Кыргызстанга каттоосуз киришине уруксат берген токтом кабыл алган. Бирок, аны Юстиция министрлиги каттабай койгондон кийин, ИИМ аны жокко чыгарган экинчи токтомду кабыл алууга мажбур болду. Бирок кийинки токтомго ылайык чет элдик жарандар айыппул төлөө милдетинен бошотулган.