Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ташкенде маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Улукбек Чыналиев 17-февралда Ташкенде маалымат жыйынынын өткөргөн. Анда кыргыз элчиси 10 жылдын ичинде эки мамлекеттин ортосунда 97 келишим, макулдашуу жана башка документтерге кол коюлганын, бул эки тараптуу кызматташууга негиз болуп жатканын белгилеген. Элчинин пикиринде эки мамлекеттин соода-экономикалык байланышы Бишкектин да, Ташкендин да купулуна толбойт. Анткени пайдаланылбай жаткан потенциал арбын. Ал эми суу-энергетика, транспорт маселелерин чечүүдө, элчинин сөзү боюнча, жылыштар болуп жатат. Өз сөзүндө У. Чыналиев кытай-кыргыз-өзбек темир жолунун долбоорун түзүү иштери башталганын билдирген. Бул тууралуу шейшембиде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG