Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Конституциянын жаңы редакциясы тууралуу мыйзамга кол коюлду


БИШКЕК. 18-февралда өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев 2-февралдагы референдумда жактырылган Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясы тууралуу мыйзамга кол койду. Ага чейин борбордогу Алатоо аянтында Мамлекеттик желекти көтөрүү салтанаты президенттин катышуусу менен өттү. Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы Конституциянын жаңы редакциясын түзүүдө эл аралык тажрыйба менен кошо Кыргызстандын тажрыйбасы да эске алынганын белгиледи. «Азыр биз үчүн эң башкысы - Башмыйзамдын толук иштеп, биз күткөн натыйжаларды беришинде. Бул үчүн бардык жоопкерчиликтүү күчтөрдүн аракети керек», - деди президент Аскар Акаев. Шейшембидеги иш-чарага мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, парламент депутаттары, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ал эми оппозиция өкүлдөрүнөн салтанатка эч ким катышкан жок.

XS
SM
MD
LG