Орусияга иш сапары менен барган казак президенти Н.Назарбаев шейшембиде Москва мамлекеттик университетинде өткөн жолугушууда: "Казакстан – Орусия үчүн өтө ыңгайлуу жана эң зарыл өнөктөш" деп белгиледи. Ушул эле күнү президент Назарбаев Орусиялык кесиптеши Путин менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүүнүн башкы темалары – казак мунайын Орусия аркылуу экспорттоо, Каспийдин табигый кен байлыктарын иштетүү жана Казакстандагы Байкоңур космодромун Орусияга ижарага берүү маселелери болду. О.э. эки президент кечинде Москвада "Орусиядагы Казакстан жылынын" расмий ачылышына катышышты.
Венера Сагындык кызы, Прага
Венера Сагындык кызы, Прага