Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

3 албан командири Эл аралык трибунал тарабынан жоопко тартылат


Кечээ НАТОнун бейпилдик күчтөрү Косоводо камакка алган мурдагы Косово боштондук армиясынын үч албан командири Гаагадагы Эл аралык трибуналга өткөрүлүп берилет. Бул тууралуу НАТОнун Косоводогу өкүлчүлүгү билдирди. Шейшембиде Эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карла дель Понте Подгорицада Черногориянын премьер-министри Мило Джуканович менен сүйлөшүү өткөрдү. Дель Понте эки күндөн бери Сербиялык жана Черногориялык жетекчилер менен жолугушуп, аларды Эл аралык трибунал менен тыгыз кызматташууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG