Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Израиль армиясы палестин аймактарында аскерий рейд өткөрдү


Израиль армиясынын өкүлү өткөн түнү жөөт аскерлери палестин аймактарындагы рейд учурунда исламий Хамас уюмунун мүчөсүн атып өлтүргөнүн кабарлайт. Жөөт армиясы шейшембиде Газа секторунда палестин согушкерлерин колго түшүрүү операциясын улантып, бомба даярдоочу цехтен бир тоннадай жардыргыч заттарды кармаганы маалымдалат. Ал учурда Лондондо Израилдик жана Палестиналык делегациялар палестин бийлигин реформалоо, автономияга эл аралык жардам көрсөтүү маселелерин талкуулап башташты. Эки делегация өз-өзүнчө Европа Биримдиги, Орусия, Бириккен улуттар уюму жана АКШнын өкүлдөрүнөн куралган эл аралык топ менен жолугушууда.

XS
SM
MD
LG