Линктер

дүйшөмбү, 22-май, 2017 Бишкек убактысы 22:05

БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан Италияда сапарлап жүрөт


Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Римде Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони жана Ватикандын лидери Папа Иоанн Павел менен жолугуп, Ирак кризисин талкуулап жатат. Кечээ Брюсселде Евросоюздун лидерлери алдында сүйлөгөн сөзүндө Аннан Иракты Бириккен улуттар уюмунун соңку резолюциясын кынтыксыз аткарууга үндөп, эгерде Багдад ага баш ийбесе, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Иракка карата ырайымсыз чечим кабыл алууга аргасыз болот деп эскерткен.

XS
SM
MD
LG