Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Европа лидерлери Брюсселде Ирак кризисин талкуулап жатышат


Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселде Биримдикке талапкер өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Ирак боюнча өзүлөрүнүн позициясын колдоп берүүгө үндөп жатышат. Кечээ Евробиримдиктин чукул чакырылган саммитинде Ирак боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алынган. Анда Евросоюздун лидерлери БУУнун Ирактагы инспекторлоруна көбүрөөк убакыт берүүнү талап кылышып, бирок Багдад үчүн куралсыздануу – согушту болтурбоонун бирден бир жолу экенин белгилешкен. Саммиттин соңунда Франциянын президенти Жак Ширак Евробиримдикке талапкер өлкөлөрдүн Ирак боюнча АКШны колдогон ачык катын сындай кетти: "Менимче, алар жеңил ойлуулук кылышкан, дегеним, Европа Биримдиги жаңы мүчөлөрдү кабыл алаарда, маселени кылдат иликтеп, кеңешип чечет. Мындай жоопкерчиликсиз аракеттерден улам жаңы мүчөлөр кабыл алынбай калышы да ажеп эмес", - деген француз президенти. Бүгүн Британиянын премьери Тони Блэр, Европа парламентинин президенти Пэт Кокс ар бир мамлекет өз кызыкчылыктарынан улам, Ирактагы согушка карата өз оюн билдирүүгө укуктуу деп билдиришти. О.э. Польша, Румыния, Болгариянын жетекчилери Евросоюзду бардык мамлекеттердин жеке көз карашын урматтоого үндөштү.

XS
SM
MD
LG