Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Кыргызстан бруцеллез дартынын жайылышы боюнча КМШда алдыңкы орунга чыкты


БИШКЕК. Кыргызстанда 2002-жылы 1771 киши бруцеллез инфекциясын жуктуруп алган. Алардын 60% ашууну - 30 жашка чейинки жаштар. Ал эми бул дарттын өнөкөт түрү менен жапа тарткандардын саны 4,5 миңге чукулдап барат. Натыйжада бруцеллез дартынын жайылышы боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыңкы орунга чыккан. Бул дарт 2001-жылы бул дарттан өлкө экономикасы 24 млн. сомго жакын зыян тарткан. Бруцеллездун кескин жайылып баратышына негизинен малдын тегиз эмделбегени себеп болууда. Бул тууралуу шаршембиде Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Дарыгерлер «бруцеллез инфекциясы негизинен уй менен койдон жугат» деп, калкты дартка чалдыккан малдын эти менен сүтүн пайдаланбаганга үндөшүүдө.

XS
SM
MD
LG