Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Бишкекте түркмөн президентинин китебинин бет ачаар аземи өткөрүлдү


БИШКЕК. 19-февралда Бишкектеги мамлекеттик тарых музейинде Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязовдун «Рухнама» аттуу китебинин бет ачаар аземи болду. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, «Кыргызстан-Түркмөнстан» достук коомунун жана бийлик өкүлдөрү, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Солтан Пирмухамедов катышты. Түркмөн элчиси бет ачаардын катышуучуларына орус тилиндеги «Рухнама» китебин тапшырды. Бул иш-чарада сөз сүйлөгөн укук коргоочу Турсунбек Акун «Эл аралык мунапыс» уюму 19-февралды «С. Ниязовдун режиминен жабыр тарткандар менен тилектештик күнү» деп жарыялаганын эске салып, адам укуктарын сактоого бардык жерде көңүл бурулушу зарыл экендигин белгиледи. Түркмөн элчисин ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

XS
SM
MD
LG