БИШКЕК. «Бишкек шаары Кыргызстандын ички дүң продукциясынын бештен бирин өндүрөт», - деп билдирди 19-февралда өткөн маалымат жыйынында Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов. Анын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын 2002-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча түзүлгөн индикативдик пландагы көрсөткүчтөрдүн бардыгы орундалып, 9 миллиард сомго жакын өнөр жай продукциясы өндүрүлдү. Мында кичи жана орто ишканалардын үлүшү көп болуп, алар төрт жарым миллиард сомдук продукция өңдүрүшкөн. Натыйжада экспорттун көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 150% болду. Борбор жетекчилигинин алдында ушул жылдын июнь айында шаардын 125 жылдыгын өткөрүү милдети турат. Ага шаарды даярдоо иш-планы бекитилип, бул үчүн атайын дирекция жана бюджеттен тышкаркы фонд түзүлдү.