БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандын эл аралык уюмдарга мүчө болуу зарылдыгын иликтеп чыгууну карамагындагы мекемелерге тапшырды. Мындай маалыматты 19-февралда «Кабар» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, өкмөт башчысы муну «өлкөгө эч кандай пайда алып келбеген уюмдарга мүчөлүк акы төлөй бергендей Кыргызстан бай эмес экендиги» менен негиздеген. Бирок ошол эле учурда ал Евразия экономикалык шериктештиги, Шанхай кызматташтык уюмдарынан Кыргызстан эч качан чыкпай тургандыгын да билдирген.