Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Кыргызстандын премьер-министри Баткен облусунда иш сапары менен болду


БАТКЕН. 19-февралда премьер-министр Николай Танаев Баткен облусунда болду. Өкмөт башчысы баштаган топ түшкөн учак аба ырайынын начардыгына байланыштуу эртең менен Баткен аба майданына коно албай, Ош шаарынын аба майданына конду. Ушуга байланыштуу алдын-ала белгиленген программа өзгөрүп, Николай Танаев облуска болгон иш сапарын Кызылкыя шаарындагы тамеки ферментациялоочу заводдун иши менен таанышуудан баштады. Андан соң Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин Баткен шаарындагы аскердик бөлүгүндө болуп, аскерлердин жашоо шарты жана бөлүктүн материалдык базасы менен таанышты. Өкмөт башчысынын сапары андан ары Лейлек районунда уланып, ал Жаңыжер айыл өкмөтүндөгү «Максат» дюкеринин курулушун көрүп чыкты. Премьер-министр Николай Танаевдин иш сапары 20-февралда Кадамжай районунда уланышы күтүлөт.

XS
SM
MD
LG