Чехиядагы Нигериянын элчилигинде болгон атышуудан элчиликтин бир кызматкери курман болуп, коңшулаш мекемеде иштеген дагы бир бир адам жараат алды. Праганын полициясы Нигерия элчилигиндеги атышуудан көз жумган 72 жаштагы адам кандай кызматта болгонун тактаган жок. Чехиялык "ЧТК" маалымат агенттиги маркум Нигерия элчилигинин консулу болгонун кабарлады.