Тажикстандын ички иштер органдары уюшкан кылмыштуу топту кармап, операция учурунда 345 кг героинди колго түшүргөнүн кабарлашты. Өлкөнүн ИИМнин генералы Тохиржон Норматовдун айтымында, Ооганстандан Европага баңгизат ташуучу бул кылмыштуу топ тажик-өзбек чек арасына жакын жерде кармалган. 1-жолу ушундай чоң көлөмдө колго түшүрүлгөн 345 кг героиндин баасы, болжол менен 10 млн долларга барабар. Буга чейин былтыр декабрь айында Орусиялык чек арачылар Ооганстанга жакын аймактан 280 кг героинди колго түшүрүшкөн.