Шейшембиде метродо чыккан өрттөн 124 киши шейит болгонуна байланыштуу Түштүк Кореянын бийликтери жер алдындагы коомдук транспорттун коопсуздугун чыңдап жатат. Адистер айрыкча метронун ылдый жагындагы тактайлар менен отургучтар заматта алоолоп-күйүп кеткенине көңүл бурушууда. Полиция, күбөлөр маалымдагандай, метрого кирип келип, тез күйүүчү картон буюмга от койгон 56 жаштагы Түштүк Корея жаранын камакка алган. Ал киши көптөн бери психикалык ооруканада катталуу экени аныкталды. Өлкө президенти Ким Тэ Чжун Тэгу шаарындагы метро өрттөнгөн жерди "Кайгылуу жай" катары атоо тууралуу жардыгын жарыялады. Ал эми жакында шайланган президент Ро Му Хен келээрки шейшембиге белгиленген жогорку кызматка киришүү аземин кайгылуу окуяга байланыштуу кийинкиге жылдырды.