Линктер

 
Анкарада Ирактагы ыктымал согуш учурунда АКШ аскерлерин Түркияда жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат
ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

Анкарада Ирактагы ыктымал согуш учурунда АКШ аскерлерин Түркияда жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат


Вашингтон Анкарага АКШ аскерлерин Ирактагы ыктымал согуш учурунда Түркияда жайгаштыруу жөнүндөгү макулдашуунун долбоорун сунуш кылды. Түркиянын вице-премьер-министри Абдуллатиф Сенер бирок, АКШ азырынча Түркиянын Ирактагы согуштан тартчу чыгымдарын кайтаруу тууралуу Анкаранын талаптарын канааттандыра электигин айтат. АКШнын Анкарадагы элчиси Роберт Пеарсон Түркия менен сүйлөшүүлөр татаалдашып баратканын маалымдады: "Өзүмдүн жана АКШ президентинин атынан биз үчүн убакыт өтө кымбат болуп жатканын айттым. Вашингтон менен Анкара азыр мунасага келүү жолдорун издеп жатат, жакын арада бир чечимге келебиз деп ишенем", - дейт АКШнын Түркиядагы элчиси. Анкарадан келген кабарларга караганда, АКШ Ирактагы ыктымал согушка көрсөтчү көмөгү үчүн Түркияга 6 млрд долларлык жардам жана 20 млрд долларлык насыя сунуш кылган. Түрк өкмөтү жардамдын көлөмүн 30 млрд доллардан ашырууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG