Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Бишкекте терроризм маселеси талкууланууда


БИШКЕК. 20-февралда Бишкекте «Терроризге каршы Борбордук Азиядагы экономикалык саясат жана проблеманы билим берүү аркылуу чечүү» деп аталган эки күндүк конференция башталды. Анын алгачкы күнкү отурумунда ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин төрагасы Айдын Идил сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө терроризмге каршы күрөштүн маңызы адам укугун сактоодо экендигин белгиледи. Элчинин айтымында, ЕККУга мүчө болгон ар бир мамлекет терроризмге жана экстремизмге каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн, демократиялык өнүгүүгө багытталган бардык мыйзамдарды аткарууга милдеттендирген Коопсуздук Кеңешинин Уставына баш ийиши керек.
Терроризмди кандайдыр-бир улутка же динге байланыштырып кароо, ага каршы күрөштө кош стандарттуулукка жол берүү терроризмдин күчөшүн шарттай тургандыгын конференцияда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Музаффер Эрөктөм айтып өттү. Талкууга Ооганстандын Кыргызстандагы элчиси, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар жана саясат таануучулар катышууда.
Эл аралык «Ататүрк-Алатоо» эл аралык университетинин демилгеси менен өтүп жаткан бул конференцияда негизинен терроризм менен билим берүүнүн байланышына жана билим аркылуу терроризм проблемасын чечүүгө көңүл бурулууда.

XS
SM
MD
LG