БИШКЕК. 20-февралда «Аалам» гезитинин баяндамачысы Төлөгөн Сулайманов Ички иштер министрлиги тарабынан суракка чакыртылды. Аталган башкармалыктын тергөөчүсү Зоя Кожобекованын айтымында, Төлөгөн Сулайманов 2-февралдагы Бишкек шаардык милициясына «адам уурдалды» деген арыздын негизинде шектүү адам катары суралууда жана сурак бүткүчөктү бир нече күнгө камакка алынышы да ыктымал. Төлөгөн Сулайманов 2-февралдагы референдумга байкоочулук кылып, андагы мыйзам бузуулар тууралуу «Аалам» гезитине көлөмдүү макала жазган. Буга чейин аталган кылмыш иштин алкагында Референдумга көзөмөл кылуу боюнча коомдук штабдын башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев суракка чакыртылып, анын орун басарлары Жыпар Жекшеев менен Эмил Алиев да сурак беришкен. Эмил Алиевдин айтымында, бул коомдук штабдын референдумдагы мыйзам бузуулар тууралуу топтогон материалдарын коомчулукка таратпаш үчүнаткаруу бийлиги ушундай аракеттерге барууда.
«Аалам» гезитинин кабарчысы «адам уурдалды» деген кылмыш иши боюнча шектүү адам катары сурак берүүдө