Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координаторлорунун жыйыны өтөт


БИШКЕК. 28-февралдан 3-мартка чейин Бээжинде Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координаторлорунун жана эксперттеринин жыйыны өтөт. Анда аталган уюмдун борбору Бишкекте жайгашкан антитеррордук бөлүмүн каржылоо жана анын келечектеги ишмердүүлүгү боюнча маселе каралат. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта караганда, жыйындын катышуучулары Регионалдык антитеррордук бөлүмүн ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйынтык документтерди аталган уюмдун мамлекет башчыларынын отурумуна даярдашаары айтылган. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу апрель айында Казакстанда мөкчү. Жыйынга Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Асанбек Осмоналиев баштаган делегация катышат.

XS
SM
MD
LG