Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек-ара келишими боюнча арызды карай баштады


БИШКЕК. 20-февралда Кыргызстандын Конституциялык Соту кыргыз-кытай чек-ара келишими тууралуу арызды карай баштады. Бул күнү сот жараянына доогер катары катышкан Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Ишенбай Кадырбеков 1996-1999-жылдардагы кыргыз-кытай чек-ара келишимдери Жогорку Кеңештин кош палатасы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар менен ратификациялангандыгы тууралуу өз жүйөлөрүн келтиришти. Сот жараянына расмий бийликтин талабын жактап, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов, өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов, юстиция министри Курманбек Осмонов, президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаилов катышты. Сот жараянын Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова алып барды. Өткөн жылдын май айында Мыйзам чыгаруу жыйынынын он бир депутаты «кыргыз-кытай чек ара келишими Жогорку Кеңештин кош палатасында Конституциянын бир катар беренелерин бузуу менен ратификацияланган» деп Конституциялык Сотко арыз жолдошкон. Сот жараяны 21-февралда улантылат.

XS
SM
MD
LG