Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Ооганстандын коргоо министрлигинин 16 генералы кызмат ордун алмаштырышты


Өлкөнүн коргоо министри Мухаммед Фахим министрликтеги 16 тажик генералды ишинен бошотуп, улуттар аралык теңсалмактуулукту сактоо максатында алардын ордуна башка кишилерди дайындады. Коргоо министрлигинин жооптуу кызматтарын эми өзбек, пуштун, хазарейлердин өкүлдөрү ээлешти. Сынчылар соңку кездери улуту боюнча тажик коргоо министри Фахим өлкөнүн аскерий жетекчилигине жалаң өз улутташтарын коюп салды деп нааразы боло башташкан. Коргоо министри кызматынан алынган 16 генерал башка иштерге которулганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG