Тель-Авив бул операция – кечээ палестиндер жөөт кыштагына ракеталык чабуул койгонунан улам уюшулганын айтат. Ал чабуулдан бир жөөт тургуну жарадар болгон. Палестиндердин "Хамас" уюму шаршембиде 11 палестин курман болуп, 40тай адам жараат алган рейд үчүн өч алуу максатында Израиль кыштагына ракета жаадырганын жарыялаган. Бейшембиде жөөт аскерлери Тулкарм качкындар лагеринде палестиндердин "Аль-Акса азапкорлору" уюмунун мүчөсүн атып өлтүрүштү.
Израиль аскерлери Газа секторунда үч топко бөлүнүп алып, палестин аймактарындагы көзөмөлдү күчөттү