20 миң долларлык сыйлыкты тапшырып жатып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча комиссары Фреймут Дуве Москвалык журналистти "Орусиянын абийири" атап, Политковская чечен элине "маалымдуулуктун терезесин ачып бергенин" белгиледи. О.э. журналист жалаң орус аскерлеринин Чеченстандагы аракеттерин чагылдырган макалалары үчүн гана эмес, 99-жылы 89 чечен карыясын эски, кулайын деп калган имараттан Грозныйга көчүргөнү үчүн эл аралык сыйлыкка татыганын кошумчалай кетти.
Орусиялык журналист Анна Политковскаяга ЕККУнун "Журналистика жана демократия" аттуу сыйлыгы тапшырылды