БИШКЕК. Жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча күндүзгү саат үчтөн кырк минут өткөндө Кыргызстанда жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Бишкек шаарында 3 анын очогунда 4 баллга жеткен. Кыргызстандын Экология жана чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлаганына караганда, силкинүүнүн очогу Бишкек шаарынан 30 чакырым алыстыктагы Аларча капчыгайында орун алган. Алдын-ала алынган маалымат боюнча талкалануу анда эч ким жабыр тарткан эмес.
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бакыт Аманбаев жана Бурулкан Сарыгулова
Редактор – Жыргалбек Касаболотов
Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бакыт Аманбаев жана Бурулкан Сарыгулова
Редактор – Жыргалбек Касаболотов