БИШКЕК. Эл аралык «Демир-Кыргыз Интернешнл» банкы кардарларга банкоматтар аркылуу кызмат көрсөтүүгө киришти. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында банктын башкы менеджери Ахмед Пармасыз билдирди. Анын маалыматына караганда, 14-февралдан бери Бишкекте сегиз банкомат ишке кирди. Жакынкы аралыкта дагы үч банкомат Бишкекке, бирөө Ош шаарына орнотулат. Ал кардарлардын өз каражаттарын которуу жолу менен пайдаланууга шарт түзөт. Банкоматтардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылыш үчүн чара көрүлөт. Банкоматтардын кызматынан пайдалануу максатында азыр 1600 кардар пласткарт сатып алды. Пресс-конференцияда айтылган маалыматка караганда, «Демир-Кыргыз Интернешнл» Банкынын кызматынан Кыргызстанда 5 миң кардар пайдаланат, анын уставдык капиталы 54 миллион сомду түзөт. Кыргызстанда кардарлар жүгүртүүдөгү акчанын 30% гана ар кыл банктарда сакташат.