Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Премьер-министр Николай Танаев Барак кыштагынын тургундары менен жолугушту


ОШ. Карасуу районуна караштуу, бирок Өзбекстандын ичинде калган Барак анклав кыштагынын тургундары бул жолу койгон талаптарын бир ай мурда 20-январда да тизмелеп жазышып, район акиминен өлкө президентине чейинки бардык инстанцияларга жолдошкон. Эч кимден эч бир жооп болбогондуктан алар Ош шаарында пикет башташкан. Оштогу иш сапарынын соңунда Николай Танаев аларды кабыл алып, талаптарын укту. Барактыктар Кыргызстан чегине чейин коридор жол ачтырып берүүнү, ал жол менен транспорт каттатууну суранышты. Эгерде ал аткарылбаса Барак кыштагы жайгашкан жерди Өзбекстанга берип, андан эки чакырым бери жактагы Кыргызстандын чек арасына жанаша жайгашкан Өзбекстандын 250 гектарлык талаасына кыштакты көчүрүүнү талап кылышты. Премьер-министр Н. Танаев 10 күндүк мөөнөт ичинде Өзбекстандын бийлиги менен сүйлөшүп, же коридор жол ачтыруу, же кыштакты которуу маселесин чечүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG