БИШКЕК. 21-февралда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында Ош шаарын 2001-2010-жылдарда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча түзүлгөн Мамлекеттик программанын аткарылышы тууралуу өкмөттүк угуу болду. Аталган программанын аткарылышы тууралуу Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди. Анын айтымында, аталган программаны ишке ашырууга 2 миллиард сом жумшалышы каралган. Буга чейин 85 ар кандай иш-чара өткөрүлүп, ага 284 миллион сом жумшалган. Ошондой эле шаарда 25 курулуш объектилери бүткөрүлүп, шаардын жолдору оңдолгон. Мындан сырткары келечекте Ош аба майданы толугу менен эл аралык деңгээлде кайра курулмакчы. Президент Аскар Акаевдин 2000-жылдын 4-октябрындагы жардыгы менен Ош шаарына «Кыргызстандын түштүк борбору» деген статус берилген.