Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Биринчи вице-премьер-министр пенсионерлер менен жолугушту


БИШКЕК. 21-февралда Калкты социалдык жактан коргоо коомдук бирикмесинин мүчөлөрү менен биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жолугушту. Пенсия курагындагы жарандар жолугушууда бийликтен негизги проблемаларды чечүүнү талап кылышты. Бирикменин төрайымы Лидия Фомованын айтымында, азыр социалдык жактан аз камсыз болгон калктын ахыбалы оор бойдон калууда. Биринчи апрелден тарта 15% көбөйүп жаткан пенсия жашоо жагдайынын оңолушуна олуттуу таасир эте албайт, ошондуктан, анын өлчөмүн жашоо-тиричиликке кеткен чыгымдын минималдык эсебине теңеш керек. Өлкөдө турмуш-тиричиликке кеткен бир адамдын чыгымы 1280 сомго барабар. Ал эми пенсионерлерге чектелген айлык акчанын орточо өлчөмү беш жүз сомдон ашык. Карылардын жашоо-тиричилигин жакшыртуу үчүн чечүүнү талап кылган 21 маселенин тизмесин бирикменин төрайымы Лидия Фомова 11-январда өлкө башчысына тапшырган.

XS
SM
MD
LG