Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:25

Кыргыз-кытай чек-ара маселесин көтөргөн депутаттар белгисиз бирөөлөрдөн запкы көрүшүүдө


БИШКЕК. 20-февралда түн ичинде белгисиз адамдар «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын штаб башчысы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков жашаган үйдүн коргонуна кара май төгүп, дубал бетине оозго алгыс сөздөрдү жазып кетишкен. Мындан тышкары, соңку күндөрү аталган кыймылдын дагы бир мүчөсү, депутат Ишенбай Кадырбековдун баласына каршы кылмыш иши козголуп, анын карындашын белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Ушуга байланыштуу бул депутаттардын сунушу менен Конституциялык Сот кыргыз-кытай чек-ара келишими боюнча сот жараянын 24-февралга жылдырды. Бул тууралуу депутаттар Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров жума күнү өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Исмаил Исаковдун айтымында, мындай аракеттерди жогорку бийлик жетекчилиги оппозициялык маанайдагы депутаттардын кыргыз жеринин Кытайга берилиши тууралуу Конституциялык Сотто көрсөтмө беришине каршы кысым көрсөтүү максатында жасашууда. Ал эми биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов мындай аракеттерди саясатка байланыштыруу туура эмес экендигин айтып, окуяны териштирүү өлкөнүн тартип коргоо органдарына тапшырылгандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG