Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчылыгы 20-февралда атайын жарыя жасап, чечендердин үч аскерий тобун террорчулар тизмесине кошоору тууралуу билдирди. Эми алар АКШ аймагында жайгашкан уюмдар жана адамдардан акчалай колдоо ала албайт. Орусиянын "Интерфакс" маалымат агенттигинин кабарлашынча, президент Путиндин жардамчысы Сергей Ястржембский АКШнын бул чечимин кубаттап, чечен жоокерлерин мурда эле террорчу деп тааныш керек болчу деп билдирди. Ястржембскийдин айтымында, эми эл аралык терроризмге каршы күрөшүү бир кыйла жеңилдейт.