Саясий блокторго кошулбаган мамлекеттер кыймылына кирген өлкөлөрдүн жетекчилери эмки дүйшөмбү күнү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында саммитке чогулуп, Ирак маселесин талкуулону пландаштырууда. Ишемби-жекшемби күндөрү болсо, Малайзияда аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери чогулат, ал эми 21-февралда Куала-Лумпурда саммит алдындагы жыйындар башталды. Ага катышкан дипломаттардын айтымында, эгер АКШ Иракка каршы согуш ачса, региондо - аягы эмне менен бүтөөрү белгисиз саясий жана экономикалык бейстабилдүүлүк башталышы мүмкүн.