АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд америкалык сыналгы аркылуу 20-февралда чыгып сүйлөп, Иракка каршы согуш ачууга америкалык аскерлер даяр деп билдирди. Анын айтымында, Перс булуңунда жетиштүү сандагы аскер топтолду жана президент Жорж Буш буйрук берсе, аскерий аракеттер башталат. Аскер жана курал ташыган америкалык учактар 20-февралдан 21ине караган түнү Румынияга келип конду. Америкалык дипломаттардын айтымында, АКШ тарабынан даярдалган Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору эмки аптанын башында Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине тапшырылат. Ал долбоор менен Иракка каршы баштала турган согушту Коопсуздук Кеңеши колдоого тийиш.