Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарындагы шии мечитине бүгүн үч куралчан киши келип, намаз окуп жаткандарга ок аткандан кеминде жети адам курман болду. Күбөлөрдүн айтымында, чабуул койгондор мотоцикл менен келген жана мечиттин ичине кирген эмес. Жакында "Лашкар-и-Жангви" сунни мусулман уюмунун бир нече өкүлү камакка алынгандан кийин, эки мусулман топ ортосундагы чыңалуу өтө өсүп кеткен.
Нарын АЙЫП, Прага
Нарын АЙЫП, Прага