Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:39

Түркмөнстандан Ооганстан аркылуу өтө турган куурду жаткырууга Индия да чыкырылууда


Исламабад шаарында бүгүн Ооганстан, Пакистан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү жолугуп, Ооганстан аймагы аркылуу өтө турган газ куурун жаткырууга кошуна Индияны да чакырды. Жыйынга Түркмөнстандын вице-премьер-министри Йелли Курбанмурадов менен мунай министри Тачберди Тагиев, Ооганстандын өндүрүш министри Жума Мухаммад Мухамади жана Пакистандын мунай министри Наураиз Шакур катышты. Узундугу бир жарым миң чакырымга жеткен ал куурду куруу үчүн үч жарым миллиард доллар керек, ал аркылуу түркмөн газы Индияга да жеткирилиши мүмкүн. Өз аймагы аркылуу газ өткөргөнү үчүн, Ооганстан жылына 300 миллион доллар таба алат.

XS
SM
MD
LG