Армениянын президенттигине талапкер Степан Демирчяндын айтымында, 21-нен 22-февралга караган түнү анын жүздөн ашык талапкери камакка алынды. 21-февралда миңдеген адам Ереванда демонстрацияга чыгып, шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалап, азыркы президент Роберт Кочарянга кошумча добуш жазып салган деген күнөө койгон. Ереван шаарынын жетекчилиги бүгүн дагы бир демонстрация өткөрүүгө уруксат берген жок. Расми жыйынтыктарга караганда, 19-февралда өткөрүлгөн шайлоодо Кочарян добуштардын 49,8 пайызын чогулткан, ал эми Демирчян үчүн шайлоочулардын 28 пайызы добуш берген жана шайлоонун экинчи айлампасы 5-мартка белгиленди.