Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Токио шаарында Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча донорлордун жыйыны өтүп жатат


Ишемби күнү Токио шаарында Ооганстанга жардам көрсөтүү боюнча донор өлкөлөр жана эл аралык уюмдардын эки күндүк жыйыны башталды. 22-февралда донорлор - Ооганстанга 51 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүгө макул болушту. Бул көмөк - мурда үч жылга убадаланган 134 миллион доллар жардамдын биринчи бөлүгү болот. Ооганстан үчүн чогултула турган каражатка Жапания 35 миллион, АКШ он миллион, Улуу Британия үч жарым миллион, Канада эки миллион 200 миң доллар кошот. Азия өнүгүү банкы бүгүн Манила шаарынан билдирүү жасап, банк Ооганстанга быйыл 200 миллион доллар жардам көрсөтөөрү тууралуу билдирди.

XS
SM
MD
LG