Бириккен Араб Эмираттарынын мунай министринин айтымында, эгер Иракка каршы согуш башталса, мунай экспорттоочулардын ОПЕК аттуу уюму тийиштүү чара көрөт. Азыр Ирак күнүнө эки миллион баррел мунай экспорттойт, ошондуктан, согуш башталса, анын квотасы башка өлкөлөр арасында бөлүнүшү мүмкүн. Үстүбүздөгү жылдын башында ОПЕК өлкөлөрү мунай өндүрүүнү эки эсеге көбөйтүүгө аргасыз болгон, анткени Венесуэла мамлекетинде жалпы элдик иш таштоо болгондуктан, өлкөнүн мунай өндүрүшү дээрлик токтоп калган.