Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 20:34

Ирак согушу АКШнын Ооганстандагы аракеттерине таасир этпейт


Америка Кошмо Штаттарынын аскерий жетекчилигинин айтымында, Иракка каршы баштала турган согуш АКШнын Ооганстандагы аракеттерине эч таасир тийгизбейт. Ооганстандагы америкалык аскерлер жетекчилигинин басма сөз катчысы Рожер Кингдин айтымында, өлкөдөгү АКШ аскерлеринин саны кыскартылбайт жана Талибан менен "Аль-Каида" террордук уюмунун жоокерлерине каршы аракеттер мурдагыдай эле улантыла берет. Ооганстанда азыр сегиз миңге жакын америкалык аскер бар.

XS
SM
MD
LG